Казакстан Түркияга өрт кырсыгына байланыштуу жардам берди

Түркия токойлорундагы өрттү өчүрүүгө жардам катары Казакстан өкмөтү  Түркияга 2 Mİ-8AMT моделинде тик учак менен 16 кишилик өрт өчүргүч тобун жиберген.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта президент Касым Жомарт Токаевдин көрсөтмөсү менен министрликке караштуу 2 тик учак жана атайын топтун токой өрттөрү менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Муглага  учкандыгы билдирилди.
Маалыматта Казакстандын өрттөн зыян тарткан токойлордун калыбына келтирилиши үчүн гуманитардык жардам берүүгө даяр экендиги да белгиленди.
Белгилей кетсек, Түркиядагы өрт кырсыктарына байланыштуу ЕБ өлкөлөрүнөн Украина дагы 4 вертолет жиберген. Бул вертолеттор түндө да өрт өчүрүүгө мүмкүнчүлүгү менен артыкчылыктуу эсептелген. Ошондой эле Испания жана Хорватия дагы Түркияга жардамга келишкен.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *