Канадада аэропортко конуп жаткан жүргүнчү учак оодарылып кетти. Жабыркагандар бар

“Delta Airlines” авиакомпаниясынын Bombardier CRJ900LR жүргүнчү учагы Торонто шаарынын “Лестер Пирсон” атындагы эл аралык аэропортуна конуу учурунда оодарылып, кулап түштү. Натыйжада 18 адам жаракат алганын чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Учакта 76 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон, алардын көбү эвакуацияланган.

Учак АКШнын Миннеаполис шаарынан келе жатып, аэропортко конуу учурунда кырсыктаган.

Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан учактын карлуу тилкеде оодарылып жатканын, учактан түтүн чыгып жанында өрт өчүрүүчү унаалар суу чачып жатканын  көрүүгө болот.


Буга чейин кырсыктан бир бала жана эки чоң жүргүнчү оор жаракат алганы кабарланган, бирок аэропорттун башкы директору Дебора Флинт брифингде эч ким оор жаракат албаганын билдирген.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.
Канаданын Транспорт коопсуздугу боюнча агенттиги иликтөө баштады.

Ошол эле учурда учак катуу шамалдан улам конуп жатып оодарылып кетиши мүмкүн экенин ABC News телеканаля билдирди. Телеканал кырсыктын так себептери азырынча белгисиз экенин, бирок ал катуу шамал менен коштолгон карлуу бороон учурунда болгонун белгилейт.

Дем алыш күндөрү Канаданын чыгышында карлуу бороон болуп, көптөгөн каттамдар кармалып же токтотулган.

Окуядан кийин Торонто аэропорту бардык каттамдарды убактылуу токтотулуп, кийинчерээк аэропорт ишин уланткан, бирок беш конуу тилкесинин экөө жабык бойдон калууда.