Катар аймактык өнөктөштөрү менен Израилдин соккусуна жооп кайтарууну талкуулап жатат

Катар бийлиги Израилдин Дохага жасаган соккуларына жооп берүүнү региондогу өнөктөштөрү менен талкуулап жатканын өлкөнүн премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани АКШнын CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

“Регион жооп берет, бул маселе региондогу өнөктөштөр менен талкууланып жатат”, – деди ал.

Катар өкмөтүнүн башчысы ошондой эле Нетаньяху бир гана Катарга эмес, региондогу башка өлкөлөргө да коркунуч жаратып жатканын, ошол эле учурда алар тараптан Израилге эч кандай коркунуч жок экенин айтты.

Аль Тани Катар Израилдин коркутууларына чекит коюу үчүн аймактан реалдуу жооп күтөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сот алдында жооп бериши керектигин, анткени аны кармоону Эл аралык кылмыш соту талап кыларын белгиледи.

“Нетаньяху сотко берилүүгө тийиш, анткени ал Эл аралык кылмыш соту тарабынан издөөдө… Ал юриспруденция боюнча лекция окууга аракет кылууда, бирок өзү эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат”, — деди Аль-Тани.

Израилдин Дохага жасаган чабуулу

9-сентябрда Израил Катардын борбору Дохага бир нече жолу абадан сокку урду. Чабуул палестиналык ХАМАС кыймылынын жетекчилигине багытталган. Катар муну эл аралык мыйзамдарды бузуу деп атады. Катардын Тышкы иштер министрлиги кол салуу ХАМАСтын саясий бюросунун бир нече мүчөсү жашаган үйлөргө жасалганын тастыктады.

Al Arabiya телеканалы ХАМАСтагы булакка таянып, соккудан топтун лидерлери, анын ичинде кыймылдын Газа тилкесиндеги лидери Халил аль-Хайя жана саясий бюронун башчысы Халед Мешаал каза болгонун кабарлады. Бирок топтун саясий бюросунун мүчөсү Сухайл аль-Хинди бул кабарларды четке какты. Анын айтымында, аль-Хаянын уулу Хаммам жана анын кеңсе менеджери өлтүрүлгөн. Катардын Ички иштер министрлиги Ички коопсуздук күчтөрүнүн бир кызматкери каза болгонун жана бир нече киши жарадар болгонун билдирди.

Израил армиясы Катардын баш калаасына чабуул жасоодон мурун жай тургундарга келтириле турган зыянды азайтуу үчүн чара көрүлгөнүн, анын ичинде жогорку тактыктагы курал колдонулганын жана кошумча чалгын маалыматтары алынганын маалымдады.

Катар премьер-министри өлкө өзүнүн эгемендигинин бузулушуна жол бербестигин, чабуулдан кийин Израилге мыйзамдуу жооп кайтаруу иштери башталганын билдирген.