NASAнын акыркы спутниктин маалыматтары күтүүсүз жыйынтык берди: дүйнөлүк океандын деңгээли өткөн жылы күтүлгөн 4,3 мм.дин ордуна 5,9 мм.ге көтөрүлдү. Бул болжолдонгон өсүштөн 37% көп болуп, окумуштуулар менен экологдордун тынчсыздануусун жаратууда.
Океандар тезирээк көтөрүлүүдө
“2024-жылы байкалган өсүш биздин күтүүлөрдөн жогору болду. Ар бир жыл өзгөчө болот, бирок бир нерсе айкын: океандын деңгээли туруктуу өсүүдө жана бул процесс ылдамдады”, — деп билдирди NASAнын деңиз деңгээли боюнча эксперти Джош Уиллис.
NASAнын физикалык океанография программасынын жетекчиси Надия Виноградова-Шиффердин айтымында, 2024-жылдагы климаттын жылышы океандарга да таасирин тийгизип, акыркы 30 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге жетти.
Жоголуп кетүү коркунучундагы аймактар
1993-жылдан бери деңиз деңгээли 10 см.ге көтөрүлдү жана анын өсүү ылдамдыгы эки эсе көбөйдү. Бул Тынч океандагы жээктеги жана арал мамлекеттери үчүн чоң коркунуч жаратууда.
Атайын коркунуч алдында турган өлкөлөр:
- Фиджи
- Тувалу
- Кирибати
- Маршалл аралдары
- Соломон аралдары жана башкалар.
Бул аймактар учурда катуу бороон-чапкындар менен суу ташкындарынан жабыркап жатат. Деңиз деңгээлинин өсүшү алардын абалын ого бетер оорлотуп, жакынкы жылдары бул мамлекеттердин жашоочулары үчүн экзистенциалдык коркунуч күчөйт.
Суу деңгээли эмнеден улам тез өсүүдө?
Мурда муздардын эришин суунун көтөрүлүшүнүн негизги себеби деп эсептешкен. Бирок азыр окумуштуулар андан тышкары жылуулуктун кеңейүүсүн да негизги фактор катары карашууда.
Температуранын жогорулашы менен океандын суусу кеңейип, көлөмү чоңоёт. Бул процесс океандын деңгээлинин күтүлгөндөн да ылдам өсүшүн түшүндүрөт.
Бул дүйнө үчүн эмнени билдирет?
Суунун деңгээлинин тынымсыз көтөрүлүшү арал мамлекеттери менен гана чектелбестен, ири жээк шаарларына да коркунуч жаратат. Келечекте калктын массалык көчүүсү, инфраструктуранын кыйрашын жана ири экономикалык жоготууларды алып келиши мүмкүн.
Түшүндүрмө
- Глобалдык жылуулук – Жердин климаттык системасынын орточо температурасынын узак мөөнөттүү жогорулашы. Бул процесс 100 жылдан ашык убакыттан бери байкалууда жана көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча анын негизги себеби – адамзаттын ишмердүүлүгү (антропогендик фактор).
- NASA – АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос изилдөөлөр башкармалыгы (National Aeronautics and Space Administration). Бул көз карандысыз федералдык агенттик аба жана космос мейкиндигин изилдөө иштерин жүргүзөт.