Кениядагы нааразылык акцияларында 16 адам каза болду

Өткөн жылы өкмөткө каршы өткөн нааразычылык акцияларында курман болгондорду эскерүү үчүн Кенияда уюштурулган демонстрация учурунда кеминде 16 адам каза болуп, дагы төрт жүздөй киши жаракат алды. 

Бул тууралуу Amnesty International бейөкмөт уюмунун Кениядагы бөлүмүнө таянып Reuters агенттиги билдирди.

Уюмдун аткаруучу директору Ирунгу Хоутон агенттикке “16 адамдын өлгөнү тастыкталды” деди.
Анын айтымына караганда, демонстранттардын көпчүлүгү полиция тарабынан өлтүрүлгөн. Ал бул цифраларды Кениянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы тастыктаганын кошумчалады.

Буга чейин Кениянын Укук Коому, Полиция реформасы боюнча жумушчу тобу жана Кениянын Медициналык Ассоциациясы биргелешкен билдирүүсүндө сегиз адам каза болгонун кабарлаган.
Акыркы маалыматтарга караганда, нааразылык акциялары Кениянын 47 округунун 23үндө өттү. Кеминде 400 киши жарадар болгон, анын ичинде атылган октон жабыркагандар бар.

“Көп адамдар дагы эле ооруканада, айрымдарынын абалы оор”,- деп айтылат маалыматта.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, эң ири демонстрациялар борбор калаа Найробиде болду. Акция учурунда дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды карактоо фактылары катталып, көптөгөн калктуу аймактарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана атайын күчтөр жарандардын агрессивдүү топторун кууп таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонууга аргасыз болушкан.

Ал эми интернетти көзөмөлдөө боюнча глобалдык NetBlocks уюму Кениядагы нааразычылык акциясы күчөгөн маалда Telegram каналына чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Өлкөнүн байланыш агенттиги телерадиостанцияларга нааразылык акцияларын түз алып көрсөтүүгө тыюу салган.

Эске сала кетсек, 25-июндагы демонстрациялар салыктын жогорулашына каршы жана Кениянын президенти Вильям Рутонун отставкага кетишин колдоо үчүн өлкөдө өткөн жылдын июнь айынын орто ченинде башталган нааразылык акцияларынын жылдыгын белгиледи.

Эң олуттуу нааразылык акциялары 2024-жылдын 25-июнунда активисттер парламенттин жана борбор калаанын шаардык кеңешинин имараттарын өрттөгөндө болгон.