Суроо: Башыбызга келген кыйынчылыктарга жана балээлерге сабыр кылуу керекпи, күнөөлөрүбүзгө каффарат болобу?
ЖООП: Шакик-и Балхи хазреттери:
“Кыйынчылыкка сабыр кылууга бериле турчу сыйлыкты билген адам кыйынчылыктан кутулууну каалабайт”, – деп буюрган. Кыйынчылыктарга жооп катары бериле турчу ниматтарды эстеп кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Чындыгында, Аллаху тааланы сүйгөндөр көптөгөн азаптарга чыдашкан, жада калса, ал азаптарды сезишкен да эмес, Сыррыйи Секати хазретлери айтат: “Аллаху тааланы сүйгөн адамдар Андан келген кыйынчылыктардын азабын сезишпейт. Бир эмес жетимиш кылыч урулса да анын азабын сезишпейт.” Анысы кандай, Мысырдын эли Хазрети Юсуфтун сулуу жүзүн көрүп өздөрүн унутуп коюшкан. Өзгөчө Мысырдын алдыңкы аялдары сулуулугун көрүшкөндө колдорун кантип кесип алышкандыгын да сезишкен эмес. [Юсуф сүрөсү 31]
Балээ жана кыйынчылыктар күнөөлөргө каффарат болот. Куран-и каримде буюрулду:
“Силерге келген кыйынчылык өз колуңар менен жасап тапкан күнөөлөрүңөрдүн айынан келет. Муну менен бирге Аллах көбүн кечирет, кыйынчылыкка учуратпайт.” [Шура 30]
Демек, кылган күнөөлөрүбүздүн бир бөлүгүнө жаза катары кыйынчылык келүүдө. Ушундайча акыретке калбастан, күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө өтө жеңил тартуудабыз.
Имам Раббани хазретлери мындай деп буюрган:
“Адамдын алдына чыккан ар бир нерсе Аллаху тааланын тилеги менен болот. Ошондуктан, өз эркибизди Анын эркине ылайыкташыбыз керек. Биз кездештирген ар нерсени биз издеген нерсе ушул эле деп кабылдообуз керек жана буга кубануубуз керек. Кулдук деген ушундай болот.”
Келген балээлерге, кыйынчылыктарга сабыр кылуу өтө чоң нимат. Сабыр кылбаган адам азапка дуушар болот. Бир оору, бир жамандык келгенде ызы-чуу салуу пайда алып келбейт. Тескерисинче, зыяндуу болот. Мунун бир гана чарасы Аллаху таала берген тагдырга ыраазы болуу. Сабырсыз адам ийгиликке жете албайт. Кимде ким башына түшкөн кыйынчылыктарга сабыр кылбай турган болсо дайыма тынчсызданып, ырастап ибадат кыла албайт. Ким Аллахтан коркуп, сабыр кыла турган болсо кыйынчылыктардан кутулат. Сабыр кылган адам муратына жетет. Ар бир жакшылыкка сабыр менен жетүүгө болот.
Хадис-и шарифте айтылды:
“Кимде ушул үч нерсе болгон болсо дүнүйө жана акыреттин жакшылыгына жеткен болот: казага ыраазылык, балээге сабыр, ырахаттыкта дуба.” [Дайлами]
Демек, балээлердин жакшылыкка айлануусу ал балээге сабыр кылууга байланыштуу. Башка балээ келгенде ызы-чуу салып, алдына чыккан адамга Раббисин даттанган адам жакшылыктан куру калат, азапка ылайык болот. Балээге сабыр кылуу пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды:
“Аллахтын сүйгөндөрү балээге дуушар болушат. Сабыр кылган сыйлыкка ээ болот, сыздаган болсо жазага.” [И.Ахмед]
“Дартын ашкерелеген адам сабыр кылган болбойт.” [И.Маверди]
“Башына келген балээни жашырган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Таберани]
“Кыйын жагдайда турганда “Хасбийаллаху ла илахе иллаху, алейхи тевеккелту ве хуве Раббул-аршил-азим” – деп айткан адамдын кыйынчылыктарын Аллаху таала кетирет.” [Шира]
Достуктун белгиси достун [Аллахтын] балээсине сабыр кылууда. Сабыр кылынып, балээнин жакшылык экендиги билингенден кийин балээлер дагы да жакшы болот экен деген ойдо болбоо керек. Эч качан балээни тилөөгө болбойт.
k, [29.03.2022 0:04]
Рамазан жана орозо
Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.
Рамазан айына урмат кылуу керек. Орозо кармаганына карабастан гыйбат кылган, жалган сүйлөгөн, көңүл ооруткан, харамдардан сактанбаган адам Рамазан айына урмат кылбаган болот.
Хадиси шарифтерде айтылган:
“Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп Курани карим окугула!”
“Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.”
“Рамазанды өтө урматтоо керек. Анын ырайымы момундарды кубантуучу. Ал ошондой бир ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим жана акыры Жаханнам отунан кутулуу.”
“Эгер пенделер Рамазан-ы шариф айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.”
“Рамазан айында бир күнөө кылуудан баш тарткан адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.”
“Рамазан Айт күнү периштелер жолдордун четтерине турушуп, Айт намазына бара жаткандарга мына бул сүйүнчүнү беришет: Эй момундар жамияты, силерге сыйлык, жакшылык жана мол-мол ниматтарды бере турчу керем жана ихсан ээси Раббиңерден тилегиле! Себеби, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге моюн сунууну буйрук кылды, силер болсо моюн сундуңар. Андай болсо сыйлыгыңарды алгыла! Намаздан кийин бир периште мындай деп нида кылат (үн салат): Эй, момундар, билгиле, бүгүн шексиз сыйлык күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазалануу күнү.”
Орозонун фарздары
Орозонун үч фарзы бар:
1- Ниет кылуу
2- Ниетти алгачкы жана соңку убакыт аралыгында кылуу.
3- Имсак убактысынан күн батканга (шамга) чейинки аралыкта орозону буза турчу нерселерден тыйылуу.
Орозого ниет
Рамазан жана нафил орозого ниеттин алгачкы убактысы күн баткандан (шамдан) кийин башталат. Соңку убактысы эртеси күнкү түшкү намазга бир саат калганга чейин болот. Ал эми каза жана кафарат орозолорунун ниети шамдан имсак убактысына чейин уланат.
Рамазандагы орозого ниет кылганда шамдан имсак убактысына чейин “Аллах ыраазылыгы үчүнэртең орозо кармоого ниет кылдым”, имсактан кийин “Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүн орозо кармоого ниет кылдым”, – деп айтылат. Жаңылышып ката айтылса да орозо кармай турган күн маалым болгондуктан зыяны жок. Рамазанда бир айлык орозосу үчүн жалпылап бир жолу ниет кылууга болбойт, ар күн үчүн бөлөк-бөлөк ниет кылуу фарз болуп саналат.
Түндө жатарда тамактанып же тамактанбастан ниет кылса кийин түндө ойгонгондо, сахурга турганда тамактануунун зыяны жок. Жада калса кечки тамактануу маалында эртеңки орозого ниет кылып кою жакшы болот. Ниеттен кийин имсак убактысына чейин ичип-жештин зыяны жок. Рамазанда “эртең тишим оорубаса орозо кармайм, ооруса кармабайм” деген сыяктуу күмөндүү ниет менен орозо кармоо сахих болбойт.
Ооз ачарда
Күн батканы анык болгондон кийин алгач аузу-бисмиллах айтып:
“Аллахумма йа васиал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумул хисаб” дубасы окулат. “Эй, кечирими мол Аллахым! Кыямат күнү эсепке тартканда мени, эне-атамды, устазымды, аял-эркек бардык мусулмандарды гафу кыл” деген маанини билдирет. Артынан “Йа Раббим, Сен үчүн орозо кармадым жана Сенин берген ниматтарың менен орозомду ачканы турам. Мени эне-атамды жана бардык мусулмандарды кечире көр” деп айтып, мүмкүн болсо хурма менен же болбосо сүт же суу менен ооз ачкан жакшы.
Бир-эки жутум нерсе жегенден кийин “Захабаззама вабталлатил урук ва сабатал ажр иншаллаху таала” дубасын окуп, тамактанууну баштайт. Бул ооз ачар (ифтар) дубасынын мааниси:
“Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын суу менен кезигүү маалы келди. Иншаллах сооп жазылат.”