Ким Чен Ындын Орусияга сапарына даярдыктар көрүлүүдө

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусияга сапарына даярдыктар көрүлүп жатат.

Бул маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Андрей Руденконун билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.

“Мен өзүм эки жума мурун КЭДРде болдум жана биз бул маселени талкууладык. Мындан тышкары, кореялык досторубуз менен стратегиялык диалогду улантуу үчүн Лавровдун да сапарын карап жатабыз”, – деди дипломат.

Ал Москва менен Пхеньяндын стратегиялык диалогу өткөн жылы башталганын, өлкөлөр ортосундагы кызматташуу боюнча пландар чоң экенин жана алар ишке ашарын эске салды.

Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушууда КЭДР Украинадагы аракеттеринде Орусияны ырааттуу колдоону уланта турганын баса белгилеген.

Анын айтымында, КЭДР Орусия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимин аткарат.
Эске салсак, Ким Чен Ындын Орусияга акыркы сапары 2023-жылдын 12-сентябрынан 17-сентябрына чейин болгон.

Анда Түндүк Кореянын лидери Владивостокко брондолгон поезд менен келип, андан соң Путин менен бирге «Восточный» космодромуна барышкан.

Ал эми Владимир Путин 2024-жылдын июнь айында Пхеньянга жооп иретинде барган.

Анда мамлекет башчылары Орусия менен КЭДРдин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшуп, ал 2024-жылдын 4-декабрында күчүнө кирген.