Кнутов: АКШда Иран менен согушууга эки жумага жете турган гана ракета калды

Израиль жана АКШнын Иран менен болгон кагылышта күчү азайып баратат, америкалыктарда согушту улантууга эки жумага жетчү гана ракета калды. Бул тууралуу aif.ru сайтына россиялык аскердик эксперт Юрий Кнутов билдирди.

Буга чейин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Катардагы Аль-Удейд америкалык авиабазасына жана Израилдеги абадан коргонуу объектилерине сокку урганын билдирген.

«Израиль өзү ракеталар боюнча чоң көйгөйлөр бар экенин жана аларга абадан коргонуу ракеталары керек экенин билдирди. Америкалыктар аларды жеткирүүгө аргасыз болот, аба жолу аркылуу тез жеткиришет, бирок бул абдан кымбат. Ошондуктан Израиль оор абалда, аларда авиабомбалар жана ракетадан коргонуучу куралдары түгөнүп баратат», — деди Кнутов.

Эксперттин айтымында, АКШ армиясынын абалы да анча жакшы эмес.

«Трамп запастар жетиштүү деп айтууда. Бирок согушка чейин жарыяланган маалыматтарга карасак, бул запастар узакка жетпейт. Менимче, эки жумага гана жетиши мүмкүн, андан көп эмес. Андан кийин ракеталардын жетишсиздиги катуу сезиле баштайт», — деп баса белгиледи Юрий Кнутов.