Индияда дарыгерлер коронавирус инфекциясынын “Дельта” деп аталган жаңы вариантын жуктуруп алган бейтаптардын саны көбөйгөнүн билдиришүүдө.
Бул тууралуу Express басылмасы жазды.
Ченнаи шаарынын жугуштуу оорулар боюнча адиси Абдул Гафур бейтаптарда коронавирустун “индиялык штаммынын” бир нече кооптуу белгилери байкалып жатканын билдирди.
Адис төрт негизги симптомду атады: угуунун начарлашы, диарея, ашказандын катуу бузулушу жана гангренага алып келүүчү тромдун пайда болушу.
Дарыгерлер бул белгилер “дельта” штаммына түздөн-түз байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Мутация өлкө боюнча жайылып, акыркы апталарда миңдеген адамдардын өмүрүн алды.
Абдул Гафур бул жаңы клиникалык симптомдор “дельта” варианты менен байланыштуубу же жокпу, анализдөө үчүн көбүрөөк изилдөө керек экенин айтты.
Express басылмасы Индия боюнча коронавирус менен ооруган бейтаптарга байкоо жүргүзгөн алдыңкы алты дарыгер индиялык штамм менен ооруган адамдарда төмөнкүдөй симптомдорду аныкташкандыгын белгилейт: ичтин оорушу, жүрөк айлануу, кусуу, табиттин жоголушу, угуунун начарлашы жана муун оорулары.
Индияда ошондой эле сейрек кездешүүчү мукормикоз менен ооругандардын саны кескин көбөйүп жатат.
Мукормикоз – сейрек кездешүүчү грибоктук инфекциясы болуп саналат, ошондой эле бул оору “көк дат” деген ат менен дагы белгилүү.
Грибок көбүнчө нымдуу бөлмөлөрдө жана буюмдардын беттеринде, топуракта, өсүмдүктөрдө, чириген жашылча-жемиштерде кездешет.
Анын споралары организмге дем алуу жолдору аркылуу кирип, мурун көндөйүн же өпкөнү жабыркатат.