130дан ашуун ооган аскерлери Тажикстанга баш калкалашты

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө 130дан ашуун ооган аскерлери баш калкалаганын билдирди.

Билдирүүдө тажик-ооган чек арасындагы кырдаал оор экени айтылган.
Белгилей кетсек, 21-июнда Талибан козголоңчулары Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Шерхан Бандар чек ара комиссариатына кол салышкан.
Ал эми,  22-июнда эртең мененки саат 9га чейин созулган куралдуу жаңжалдын кесепетинен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн 134 мүчөсү талиптерге каршы туруштук бере албай, Тажикстанга баш калкалады.
Тажик чек арачылары гумандуулук жана жакшы коңшулук принциптерине ылайык, ооган аскерлеринин Тажикстанга эркин киришине уруксат беришти.
Аскерлердин арасында 4 адам жаракат алып, бирөө өлтүрүлдү. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чек ара аймагындагы кырдаалды оор деп мүнөздөдү, Шер Хан Бандарда 100гө чейин жоокер өлтүрүлүп, жаракат алып, туткунга алынды. Тажикстандын Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө: “Такталган маалыматтарга караганда, акыркы он күндө Тажикстан менен чектеш төрт провинцияда өкмөттүк күчтөр менен Талибандын кагылышуусу болгон”,- деп айтылат.

Комментарий жиберүү