Коронавирус: Бишкекте ооруканаларда канча орун бар?

Бүгүн, 28-июнь, саат 8:00гө карата Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 124 орун бар.

Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
⠀⠀
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 1;
№2 клиникалык төрөт үйү – 6;
№1 шаардык клиникалык оорукана – 19;
№6 шаардык клиникалык оорукана – 1;
Улуттук кардиология жана терапия борбору – 7;
Улуттук онкология жана гематология борбору – 7;
Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү – 10;
Республикалык наркология борбору – 7;
Улуттук фтизиатрия борбору – 1;
Аскер госпиталы – 65.
Илдеттин белгилери байкалган бейтаптар жогорудагы оорканаларга кайрылса болот.
Экерте кетек, коронавирус боюнча эн көп Бишкек шаарында катталып жатат. Бүгүн 28-июнга карата борбор калаада жаңы 60 учур катталганы маалымдалды. Вирустан каза болгон 5 адамдын үчөө дагы калаа тургундары болгон.

Комментарий жиберүү