Москва жана Вашингтон жакында Кремлде өткөн сүйлөшүүлөрдө Владимир Путин менен Дональд Трамптын жеке жолугушуусун өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишкенин тастыкташты. Кремль саммиттин өтө турган жери тандалганын айтты, бирок аны ачыкка чыгарган жок.

Жолугушуунун так датасы али белгилене элек, бирок аны келерки жумада өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда.
Ошол эле учурда саммитке ким биринчи демилге көтөргөнү белгисиз бойдон калууда.

Кайда жана качан?
Кремлдин маалыматына караганда, өткөн шаршембиде Путин АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен үч сааттык сүйлөшүү өткөргөн. Бул сүйлөшүүнүн негизги жыйынтыгы — согуш башталгандан берки алгачкы Россия–АКШ саммитин макулдашуу болду.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушуунун датасы так эмес экенин, бирок алдын ала келерки жумада өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал саммиттин өтө турган жери макулдашылганын, бирок азырынча сыр бойдон сакталып жатканын кошумчалады. Путин саммитти уюштурууда көптөгөн достор жардам бере аларын айтып, мүмкүн болгон өнөктөш катары БАЭ президентин атады. Ак үйдөгү булактар болсо бир нече вариант каралып жатканын, акыркы чечим али кабыл алына электигин билдиришкен.
Белгилей кетүүчү жагдай, дүйнөлүк маалымат каражаттары Путин менен Трамптын жолугушуусу 15-августа Аляскада болорун жазышууда.
АКШнын маалымат каражаттары саммит жакында өтүшү мүмкүн экенин, бирок логистика маселелеринен улам убакыт көбүрөөк талап кылынышы ыктымал экенин жазышты. The New York Times маалыматына караганда, Трамп 11–17-август аралыгында Путин менен жолугушууну пландап жатат жана андан кийин Украина президенти Владимир Зеленский менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү көздөйт.
Ким демилгечи?
Саммитке ким биринчи демилге көтөргөнү боюнча так жооп жок. Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт россиялыктар жолугушууга кызыкканын айтса, Ушаков демилге АКШдан чыкканын билдирди. Путин болсо эки тарап тең кызыкдар болгонун белгилеп, бул суроого түз жооп берген жок.
Үч тараптуу жолугушуу мүмкүнчүлүгү АКШ өкүлү тарабынан көтөрүлсө да, Москва аны комментарийсиз калтырды. Путин Зеленский менен жолугушууга азыр шарт жок экенин айтты.
Талкууланчу суроолор
Ок атышууну токтотуу жана мүмкүн болгон аймактык маселелер боюнча так түшүнүк жок. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө Россиянын талаптары айтылганын, эми аларды Украина жана Европа союздаштары менен канчалык шайкеш келтирүүгө болору маанилүү экенин билдирди.
Зеленский болсо Россия ок атууну токтотуу боюнча так жооп бербегенин белгилеп, Украина тынчтыкка даяр, бирок Москва согушту созуп жатканын айтты.
Эгер Путин менен Трамптын саммити ишке ашса, бул 2021-жылы Женевада өткөн жолугушуудан кийинки алгачкы жолугушуу болот жана ал Украинадагы кагылышты кошо камтыган көптөгөн эл аралык маселелерди чечүүдө маанилүү кадам катары каралууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Путин менен 15-августта Аляскада жолугарын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында «ушул жума күнү Россияга барам» деп билдирип, Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууну пландап жатканын айтты.
Сөз 15-августта Аляскада өтө турган жолугушуу тууралуу болууда. Бул маалыматты Кремль да тастыктады.
Трамптын Путин менен жолугушуу тууралуу айткандары
«Жума күнү мен Россияга барам. Мага бул жерде туруп, мурдагыдай кооз болгон бул борбор [Вашингтон] канчалык кооптуу, кир жана жийиркеничтүү болуп калганын айтып туруу жакпайт», — деди Трамп. Ал Путинди Украинадагы кагылышты токтотууга ынандырууну көздөөрүн кошумчалады.
Трамптын айтымында, Россия лидеринин АКШга келиши — «урмат көрсөтүү белгиси». «Мен муну абдан урматтуу кадам деп эсептейм, анткени Россиянын президенти биздин өлкөгө келет, биз анын өлкөсүнө же үчүнчү бир жерге барбайбыз», — деди ал.
Украина президенти Владимир Зеленский бул жолугушууга чакырылган эмес. «Ал үч жарым жылдан бери көп жолугушуулар өткөрүп жатат, бирок эч нерсеге жеткен жок», — деди Трамп.
АКШ лидери бул сүйлөшүүлөрдү «сынамык» деп атап, максаты — Украинадагы согушту токтотуу экенин билдирди. Ал акыркы этапта Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу болушу керектигин айтты. «Чынында, биринчи эки мүнөттө эле келишим жаралаарын билем. Эки тарапка тең пайдалуу келишимди көргүм келет», — деди ал.
Трамптын Украина боюнча пландары
Трамптын айтымында, АКШ Украинанын айрым аймактарын кайтарып берүүгө аракет кылат жана бул жер алмашуу алдыдагы сүйлөшүүлөрдө талкууланышы мүмкүн. «Украинанын пайдасына жер алмашуу болот. Бирок эки тарап үчүн тең жагымсыз нерселер да болот. Биз фронттук линияларды өзгөртөбүз», — деди ал.
Ал Зеленскийдин аймактар боюнча чечимдер үчүн конституциялык макулдук талап кылынат деген сөзүн сынга алды: «Мени анын айткандары бир аз тынчсыздандырды. Согушка кирип, баарын өлтүрүү үчүн ал эч кимден макулдук алган жок».
Трамп Путин менен жолугушуудан кийин Зеленский жана Европа лидерлери менен сүйлөшөөрүн билдирди. Ошондой эле ал согушту тез токтотууну кааларын, бирок жолугушуу жыйынтыксыз бүтүшү мүмкүн экенин жана андай болсо Украина боюнча аракеттерден баш тартышы мүмкүндүгүн айтты.