АКШ президенти Дональд Трамптын Россияга каршы санкциялар боюнча билдирүүсүн Кремль “өтө олуттуу” деп эсептейт. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал белгилегендей, Путин азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
«АКШ президентинин билдирүүлөрү чындап эле өтө олуттуу. Аларда айрым ойлор түздөн-түз президент Путинге багытталган. Бизге Вашингтондо айтылгандарды талдап чыгууга убакыт керек. Эгерде качан президент Путин зарыл деп эсептесе, ал сөзсүз түрдө комментарий берет», — деди Песков.
Анын айтымында, мындай чечимдер — Вашингтондо, НАТО өлкөлөрүндө жана Брюсселде кабыл алынган — Украина тараптан тынчтыкка эмес, согушту улантууга болгон белги катары кабыл алынат.
Песков кошумчалагандай, Москва азыр Киевден түз сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрүү мөөнөтү боюнча сунуштарды күтүп жатат.
Ал эми Россия Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Трамптын билдирүүсүнө комментарий берип, Москва Киев менен макулдашууга даяр экенин, бирок бул даярдык тиешелүү жооп таппаса, Россия “атайын аскердик операция” аркылуу максаттарына жетүүнү улантарын айтты (ТАССтын маалыматы боюнча).
Кечээ, Трамп мурда убада кылгандай, Россия боюнча билдирүү жасады. Ал төмөнкүлөрдү айтты:
- Эгерде 50 күндүн ичинде Украинада ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүлбөсө, АКШ Россияга жана анын соода өнөктөштөрүнө 100% импорттук бажы салыктарын киргизет.
- АКШ менен Евробиримдик Киевге курал-жарак жеткирүү боюнча макулдашты жана бул чыгымдардын негизги бөлүгү Европанын мойнуна жүктөлөт.