Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Парриллья Аббас Арагчини Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Гавананын Тегеран менен достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоо ниетин билдирди.
“Аббас Арагчиге Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайм”, – деп жазды Кубанын Тышкы иштер министрлигинин башчысы X (мурдагы Твиттерде) баракчасына.
Бруно Родригес Парриллья Арагчиге бул кызматта ийгиликтерди каалап, Кубанын эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары да чыңдоо ниетин баса белгиледи.
21-августта Иран парламенти республиканын жаңы президенти Масуд Пезешкян сунуштаган тизмедеги жаңы министрлер кабинетин толук бойдон бекитти.
2017-жылдан 2021-жылга чейин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген жана узак убакыт бою өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеген Аббас Арагчи тышкы иштер министри болду.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Аббас Аракчини Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ага чың ден соолук, маанилүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош иран элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.