Кыргызстанга сапары менен келген Ирандын Биринчи вице-президентинин орун басары, доктор Али Наджафи Хошруди 26-февралда КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен жолугушту.
КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар бир катар негизги маселелерди талкуулашты.


Талкууланган маселелер:
- Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу сооданы өнүктүрүүнү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- транспорттук-логистикалык кызматташтыкты, анын ичинде инфратүзүмдү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана эки өлкөнүн ортосундагы товарларды тез жана ыңгайлуу ташуу үчүн натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүүнү;
- каржылык кызматташтык жана жаңы каржы механизмдерин иштеп чыгууну;
- Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн жана анын ишин оптималдаштыруу аркылуу биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу жолдору.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну баштоо, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана артыкчылыктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.
Сапардын алкагында Али Наджафи Хошруди жетектеген делегация бүгүн Улуттук тарых музейине барды.

Улуттук тарых музейинин маалымат кызматы билдиргендей, делегациянын курамында Ирандын Биринчи вице-президентинин орун басарынан тышкары, Биринчи вице-президентинин аппаратынын эл аралык департаментинин директору Голам Афлаки, Иран ТИМинин Евразия боюнча Үчүнчү департаментинин директору Мохаммад Гобади Рад бар.
Маданий программанын алкагында расмий даражалуу меймандар менен Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жолукту.
Сүйлѳшүүдѳ, Кыргызстан-Иран кызматташтыгын чыңдоо үстүндѳ кѳп жылдар үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Али Наджафи Хошрудинин ишине ийгилик каалап, музейдин символикалык белегин – баалуу китепти тапшырды.
Расмий учурашуудан соң соң делегациянын тобу музейди көрүп чыгышты.



“Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын аймагында жашап ѳткѳн элдердин ѳтмүшү чегилген Ирандагы Бехустин, Персопол аскаларындагы сактардын сүрѳттѳрү, зороастризмдин храмдары, перс жазма булактары тууралуу айткан илимий кызматкердин маалыматтары меймандардын ѳтѳ кызыгуусун жана суктануусун жаратты”. – деп айтылат маалыматта.
Соңунда, Али Наджафи Хошруди мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашовага Иран ѳлкѳсүнѳ келип, маданий тажрыйба алмашып, таанышып кетүү ѳтүнүчүн келтирип, маданий программага түзүлгѳн мүмкүндүк үчүн ыраазычылыгын билдирди.