Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны өтөт.
Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулиев, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусу күтүлүүдө.
Ошол эле күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтмөкчү.
Ал эми 10-сентябрь күнү, Азирети Муфтийлердин саммитине утурлай ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы фатва кеңешинин отуруму өтөт.
Эл аралык деңгээлдеги бул маанилүү иш-чара КР президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.