Кыргызстанда метапневмовирус аныкталды

Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиргендей 2024-жылдын 40-52-жумаларында республикада оор респиратордук инфекциялар боюнча 1 144 анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен эки адам метапневмовирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган.

Мындан тышкары, 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.

Метапневмовирус Кытайда жайылып, абдан кооптуу вирус экени кабарланууда. Ал негизинен балдарга жана карыларга кооптуу. Инфекцияны алдын алуу үчүн жеке гигиена менен аралыкты сактоо сунушталат.

Кытайда ооруканалар адамдарга толуп калгандыгы тартылган видеолор соцтармактарда да тарап жатат.

Коңшу Казакстанда да эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери метапневмовирус оорусунун 30 учуру аныкталганын Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Telegram каналында билдирди.

HMPV симптомдору COVID-19га окшош. Ага чыйрыгуу, жөтөл, тамак оору, алсыздык жана баш оору кирет.