Кыргызстанда улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан адамдарды жарандыктан ажыратуу сунушталууда

“Бул норма жаңы келген жарандарга гана тиешелүү”

Кыргызстанда улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган адамдарды жарандыктан ажыратууну сунушташууда. Жогорку Кеңеште жарандык боюнча мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр каралууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, бул норма КР жарандыгын жакында эле алган адамдарга гана тиешелүү болот.

«Бул жаңы келген жарандарга гана тиешелүү. Аны төрөлгөндөн баштап алгандар жарандыктан ажыратылышы мүмкүн эмес. Бирок бул “улуттук коопсуздукка коркунуч” деген норма өтө бүдөмүк жана белгисиз. Сиз каалагандай чечмелей аласыз. Мен адам оор же өзгөчө оор кылмыш жасаганбы, тактап берүүнү сунуштадым… Бирок бул четке кагылды», – деди Бекешев.