Биринчи орунга 1,5 миллион сом. Гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыяланды
Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына республикалык сынак жарыялап, биринчи орунга 1,5 миллион сом убадалады. Бул тууралуу гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Министрлик композиторлорду, акындарды жана чыгармачыл жамааттарды сынакка катышууга чакырды. 20-мартка чейин созула турган сынактын байге фонду төмөндөгүдөй болот:
- I орун – 1,5 миллион сом жана жеңүүчүнүн диплому;
- II орун – 1 миллион сом жана лауреат диплому;
- III орун – 500 миң сом жана лауреат диплому.
Министрликтин маалыматына ылайык, сынакта ошондой эле төртүнчү жана бешинчи орундар үчүн да сыйлык каралган — аларга 250 миң сомдон берилет. Ошол эле маалда сунуштар аз болуп же татыктуу эмгектер табылбаса, сынак таптакыр эле жокко чыгарылышы да мүмкүн.
Мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.