Кыргызстандын Түркия менен соода жүгүртүүсүн $1 млрд.дан 5 млрд.га жеткирүү мерчемделүүдө

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерге басым жасалды.

Бул маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө А. Касымалиев  Кыргызстандын Түркия менен түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен казып алуу тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

“Биз эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын көрүп, 1 миллиард АКШ долларына жеткен товар жүгүртүүбүздү көрүп жатабыз. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилери алдыга койгон амбициялуу, бирок ишке аша турган максат – бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү”, – деди минкабдын төрагасы.

Ал ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, жеке секторду өнүктүрүү, административдик чектөөлөрдү жоюу жана мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы  багыттарга токтолду.

Нуман Куртулмуш Түркиянын Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастап, эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө даярдыгын белгиледи.

Мындан тышкары Түркиянын министрлер кабинетинин төрагасы  Жевдет Йылмаздын тең төрагалыгы астында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) маанилүү ролу дагы айтылды.