Кыргызстан Иранга көңүл айтууда

Иран президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  Ирандын Бишкектеги элчилигине барып, Кыргызстандын өкмөтүнүн жана элинин атынан иран элине көңүл айтты.

Ал Кыргызстан калкы мындай оор учурлда иран эли менен бирге кайгырып жатканын, Раиси Иран эли үчүн көп иштерди жасаганын жана анын эмгеги чоң экенин белгиледи.

Бишкектеги  Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби кечээ, 21-майда ачылган.

Элчиликке Кыргызстандагы ар кандай дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн элчилери: Япониянын, Индиянын, Катардын, Сауд Аравиянын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын ж.б. элчилери, коомдук ишмерлер, саясатчылар, ошондой эле Кыргызстандын жөнөкөй жарандары келип жатышат.

 

11 of 13

-+

Бардык конокторду Ирандын Кыргызстандыгы элчиси Хоссейн Ядегари жеке өзү тосуп алып, көңүл айтууларды  кабыл алууда.

Көңүл айтуу китеби 21-май күнү саат 15:00дөн 18:00гө чейин; 22-майда саат 10:00дөн 13:00гө чейин жана 15:00дөн 18:00гө чейин; 23-майда саат 10:00дөн13:00гө чейин жана 15:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.
Дареги: Раззаков көчөсү, 36.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан 19-майда авиакырсыкта каза тапкан. Алар жана делегация мүчөлөрү барткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн.

20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.

Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев  менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.

Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.

Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.

Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.

Комментарий жиберүү