23-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Асгар Мохаммади Жафари менен жолугушуусу болуп өттү.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн жарандары үчүн визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.
“Муну менен катар эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймагында болуусу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү”, – деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантуу тууралуу макулдашышты.
Эске салсак, Иран 2024-жылдын 4-февралынан баштап туристтик максатта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарган. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар.
Иран менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу визасыз режим 2022-жылы киргизилген. Ал эми Тажикстан менен Иран жалпы жарандык чет өлкөлүк паспорту бар жарандар үчүн визасыз режимди былтыр 10-августтан тарта киргизген.