Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы чыңдалат. Садыр Жапаровдун Исламабадга болгон сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болуп, экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтер алмашылды.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар боюнча улуттук парктагы (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.

Садыр Жапаров сапарынын экинчи күнүндө Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

1 of 10

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер

  • Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Өкмөттөр ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Өкмөттөр ортосундагы Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Деңиз иштери министрлигинин ортосундагы Регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Энергетика министрликтеринин ортосундагы Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КР Юстиция министрлиги менен Пакистандын Укук жана юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистандын Энергетика министрлигинин (мунай бөлүмү) ортосундагы Тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Улуттук саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү, жөнгө салуу жана координациялоо министрлигинин ортосундагы Хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Пакистандын премьер-министринин Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Бажы кызматтарынын ортосундагы Электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Бишкек шаары менен Исламабад шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;
  • КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистандын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышты.

Бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Анда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-
логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтты.