Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарганын КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий тастыктады.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”, – деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин 6-сентябрда тараткан билдирүүсүндө.

5-сентябрда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстандын чечимине ыраазычылык айткан билдирүү жарыяланган.

Анда Ооганстан Кыргызстандын “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган чечимин жогору баалай турганы, бул өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзөрү белгиленген.

Андан мурда 2-сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкө аймагында тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесин жарыялаган. Ал тизмеден “Талибан” кыймылы жок экенин көрүүгө болот.

Эске салсак, “Талибан” Кыргызстанда террористтик уюмдардын тизмесине 2006-жылы сентябрда киргизилип, анын өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган болчу.

Коңшу Казакстанда “Талибан” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен үстүбүздөгү жылдын июнь айында чыгарылган.

Комментарий жиберүү