Кытайдын ТИМи Трамптын кутум тууралуу сөздөрүнө жооп берди

Кытай бардык өлкөлөр менен мамилесин өнүктүрүүдө жана бул мамилелер үчүнчү тараптарга каршы багытталган эмес.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь брифинг учурунда АКШ президенти Дональд Трамптын Кытай, Россия жана Түндүк Корея АКШга каршы кутум даярдап жатат деген сөзүнө комментарий берип жатып билдирди.

“Кытай тарап чет өлкөлүк конокторду кытай элинин япон баскынчыларына каршы согушундагы жана Дүйнөлүк антифашисттик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга чакырды. Бул иш-чаралардын максаты — тынчтыкты сүйгөн мамлекеттер жана элдер менен бирге тарыхты эскерүү, ата-бабаларды урматтоо, тынчтыкты баалоо жана келечекти биргеликте куруу. Кытайдын башка өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзүшү үчүнчү тараптарга каршы багытталган эмес”, — деди дипломат.

Буга чейин Трамп Пекиндеги аскердик парадга комментарий берип жатып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден Россия президенти Владимир Путинге жана КЭДР лидери Ким Чен Ынга салам жолдоону суранган. Ал өзүнүн Truth Social баракчасында “Силер АКШга каршы кутум уюштуруп жаткан чакта, Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз” деп жазган.

Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Трамптын Россия, Түндүк Корея жана Кытай АКШга каршы “кутум” уюштуруп жатат деген сөзү каймана мааниде айтылганына үмүт артарын билдирген.

Эске салсак, Пекиндеги юбилейлик аскердик парад 3-сентябрда Тяньаньмэнь борбордук аянтында өттү. Ага Россия, Түндүк Корея, Иран баштаган 20дан ашуун мамлекеттин лидерлери катышты. Алардын арасында Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжандын президенттери, Армения, Словакия, Сербиянын премьер-министрлерии, Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко да бар.