КЭРдин ТИМ башчысы Ван И шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефондогу сүйлөшүүсүндө өнөктөштөрдү дүйнөлүк тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн биргеликте иштөөгө чакырды.
«Синьхуа» агенттигинин маалыматына караганда, Ван И АКШ тараптан болгон акыркы билдирүүлөр менен аракеттердин Кытайдын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Кытайлык дипломат АКШнын аракеттерин КЭРдин ички ишине кийлигишүү деп атап, алардын кытай-америка мамилелерин жакшыртууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтпөй турганын билдирди. Ал америкалык тарапты сөздөрү менен аракеттеринде этият болууга, өзгөчө Кытайдын түпкү кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерде, анын ичинде Тайвань боюнча сак болууга чакырды.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, АКШ Мамдепартаментинин өкүлүнүн орун басары Томми Пиготт билдиргендей, Марко Рубио сүйлөшүүдө «бир катар эки тараптуу маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү байланыштын маанилүүлүгүн» баса белгилеген. Ошондой эле «Куала-Лумпурдагы АСЕАН Регионалдык форумунун алкагындагы июлдагы жолугушууда башталган талкуулардын уландысы катары глобалдык жана регионалдык маселелер» да талкууланган.
Бир күн мурун КЭР коргоо министри Дун Цзюнь менен Пентагондун башчысы Пит Хегсет видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрүшкөн. «Синьхуа» агенттигинин маалыматы боюнча, Дун Цзюнь маектешүүдө бири-биринин кызыкчылыктарын өз ара урматтоонун маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле ал «Тайвандын көз карандысыздыгын» күч менен колдоо же Тайванды Кытайды чектөө үчүн колдонуу аракеттери сөзсүз түрдө ийгиликсиз болоорун айткан.