Кытай Газанын тургундарын мажбурлап көчүрүүгө каршы

Кытай бийликтери палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишиминен кийин Газанын тургундарын мажбурлап көчүрүү пландарына каршы чыкты.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь билдирди.

“Газа палестиналыктарга таандык, ал Палестинанын аймагынын ажырагыс бөлүгү. Кытай Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын бекем колдойт”, – деп брифингде Ак үйдүн Газа боюнча пландарына комментарий берип жатып билдирди.

Кытай ТИМинин расмий өкүлү белгилегендей, Пекин аскердик жаңжал аяктагандан кийин анклавдагы маселелердин чечилишине көзөмөлдү Палестина эли жүргүзүшү керек деп эсептейт.

“Биз Газанын калкынын мажбурлап көчүрүлүшүнө каршыбыз. Учурдагы шарттарда эл аралык коомчулук, өзгөчө ири державалар ок атышпоо келишимин ишке ашырууда, гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана Газаны калыбына келтирүүдө конструктивдүү роль ойношу керек”, – деп сөзүн жыйынтыктады Го Цзякунь.

Пекин “эки эл үчүн эки мамлекет” планы жаңжалды чечүүнүн негизги жолу экенин бир нече жолу баса белгилеген.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп 4-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Ак үйдө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен маалымат жыйынында Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын кызыкчылыгында Газаны өнүктүрүү үчүн ал жерге узак мөөнөткө ээлик кылуу маселесин карап жатканын жар салган. Трамп палестиналыктарды тилкеден башка өлкөлөргө, атап айтканда араб өлкөлөрүнө жайгаштыруу планын айткан.

Ал ошондой эле керек болсо анклавга аскер жиберүүгө даяр экенин билдирген.

Трамптын бул планына Палестина, ХАМАС тобу, Иран, араб жана бир катар Европа өлкөлөрү каршы чыгышты.

19-январдан бери Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда ок атышпоо келишими күчүндө турат. Анын алкагында тараптар Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундардын ордуна израилдик барымтадагыларды бошотууда. 15 айдан бери уланып жаткан куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 47 миңден ашуун палестиналык жана 1500дөй израилдик набыт болду. Жаңжал ал тургай, Ливан менен Йеменге жайылып, Израиль менен Ирандын ракеталык сокку алмашуусуна чейин алып келди.