Кытай бардык кызыкдар тараптар Ирандын өзөктүк маселесин саясий жолдор менен чечүүгө бекем турууга тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй билдирди.
«Кытай бардык тараптар Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө бекем карманат деп үмүттөнөт», — деп айтылат Кытай ТИМинин билдирүүсүндө. Ма Чжаосюй ирандык кесиптеши Казем Гарибабади менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.
Кытай дипломаты бул маселени чечүү процесси «кайрадан чечүүчү этапка келгенин» белгиледи.
Анын айтымында, Пекин жакын арада диалогду жандандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, объективдүү жана калыс позицияны карманууга, конструктивдүү роль ойноого жана сүйлөшүүлөрдүн прогрессине өбөлгө түзүүгө даяр.
Кытай ТИМинин маалыматына ылайык, Гарибабади Кытай Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүдөгү салымын жогору баалап, Иран Кытай менен кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин ырастады.