Кытай Россиянын жарандарына бир жылга визасыз эреже киргизди

Россиялыктар 15-сентябрдан тартып Кытайга виза албай эле кире алышат деп билдирди КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь. Өлкөдө 30 күнгө чейин жүрүү үчүн чет өлкөлүк паспорт жетиштүү болот. Гонун айтымында, визасыз режим бир жылга — 2026-жылдын 14-сентябрына чейин созулат, андан кийин аны узартуу же токтотуу чечими кабыл алынат.

Чечим Кытайга туристтик, ишкердик, экскурсиялык максатта, туугандарды зыярат кылуу үчүн же алмашуу программасы боюнча келген россиялыктарга тиешелүү. Жарым жыл ичинде өлкөдө канча убакыт болуш мүмкүн экени азырынча белгисиз, бирок адатта лимит 90 күндү түзөт.

Буга чейин россиялыктар Кытайга визасыз туристтик топтун курамында гана бара алышчу. 2024-жылы мындай мүмкүнчүлүктү курорттук Хайнань аралына баруу үчүн 178 миңге жакын жаран колдонгон. Россиянын туроператорлор ассоциациясы (АТОР) эми туристтик агым 30–40% көбөйөт деп болжолдойт. Ошондой эле россиялыктар буга чейин визасыз транзит үчүн жабык болгон аймактарды, мисалы, Синьцзян-уйгур автономдуу районун зыярат кыла алышат. Бирок Тибетке баруу үчүн өзүнчө уруксат (пермит) талап кылынышын Го эскертти.

«Кытай эки өлкөнүн элдери ортосундагы алмашууларды активдештирүүгө чоң маани берет, өз ара кызматташууну чыңдоону колдойт жана комплекстүү стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө оң салым кошот… Биз орус досторубуз Кытайга көп келип туруусун кубаттайбыз», — деди Го.

31-августта Россия президенти Владимир Путин төрт күндүк иш сапар менен Кытайга барган. Ал 30-августта «Синьхуа» агенттигине берген маегинде 2024-жылдын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы туристтик агым 2,5 эсеге өсүп, 2,8 млн адамга жеткенин билдирген.

Ошол эле учурда жакында Кытайдын Гуандун провинциясында чикагунья ысытмасы (чиркейлер аркылуу гана жугуучу вирус) жайылганы катталды. Оорунун белгилери — жогорку температура, исиркек (сыпь), булчуң жана муундардын оорушу, шишик жана ич өткөк. Россияда акыркы жума ичинде бул илдеттин эки тастыкталган учуру аныкталган.