АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында Тайвань тууралуу маалымат баракчасы жаңыланган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны каталарын тез арада оңдоого чакырганын Синьхуа агенттиги маалымдады.
“АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланган Тайван тууралуу справканын жаңылануусу АКШ тарап Тайвань маселесин Кытайды ооздуктоо үчүн кантип пайдаланып жатканынын дагы бир мисалы болуп саналат. Буга байланыштуу Кытай АКШны каталарын дароо оңдоого чакырат”, – деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякунь.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн сайтында жайгаштырылган Тайвань боюнча маалымат баракчасын «жаңыртып», АКШ Тайвандын эгемендүүлүгүн колдобойт деген мурунку формулировканы өчүрүп салганы кабарланган.
Го Цзякунь бир гана Кытай бар экенин, Тайвань Кытайдын бир бөлүгү жана Кытай Эл Республикасынын өкмөтү бүткүл Кытайды көрсөткөн жападан жалгыз мыйзамдуу өкмөт экенин дагы бир жолу кайталады.
Дипломаттын айтымында, бул эл аралык коомчулуктун жалпы консенсусу жана эл аралык мамилелердин жалпы таанылган нормасы, муну Америка Кошмо Штаттары үч биргелешкен кытайлык-америкалык коммюникеде кабыл алган салтанаттуу милдеттенмеси ырастап турат.
Го Цзякунь АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тайвань боюнча фактыларды өзгөртүүсү Тайвань маселеси боюнча АКШнын позициясында олуттуу артка кетүү болуп саналарын жана «Тайвандын көз карандысыздыгын» жактаган сепаратисттик күчтөргө өтө туура эмес сигнал жиберет деп баса белгиледи.
“Биз АКШны каталарын дароо оңдоого жана бир Кытай принцибин жана Кытай-АКШ биргелешкен үч коммюникени катуу сактоого чакырабыз”, – деди ал.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ошондой эле АКШ тарапты Тайвань менен иш жүзүндөгү мамилелердин деңгээлин көтөрүүнү токтотууга, Тайваньга анын эл аралык мейкиндигин кеңейтүүгө жардам берүүдөн баш тартууга жана Кытай-АКШ мамилелерине жана Тайвань кысыгындагы тынчтык менен стабилдүүлүккө мындан ары зыян келтирбөө үчүн “Тайвандын көз карандысыздыгын” кубаттап жана колдоону токтотууга чакырды.