Кытай өзүнүн укуктары менен кызыкчылыктары бузулган учурда чечкиндүү жооп кайтарат.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь АКШ президенти Дональд Трамптын Россиянын мунайынан баш тартуу чакырыгына комментарий берип жатып билдирди.
Мунун алдында Ак үйдүн башчысы Нью-Дели Москвадан энергия ресурстарын сатып алуудан баш тартканын жана Пекин да ошондой кадам жасоого тийиш экенин айткан.
«Эгер Кытайдын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына зыян келтирилсе, Кытай тарап өзүнүн суверенитетин, коопсуздугун жана өнүгүү кызыкчылыктарын бекем коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрөт», — деди Линь Цзянь маалымат жыйынында.
Дипломат Вашингтондун аракеттерин коркутуу жана эл аралык экономика эрежелерин бузуу катары баалады.
Анын айтымында, АКШнын мындай иш-аракеттери — экономикалык мажбурлоонун типтүү үлгүсү болуп, өндүрүш чынжырларынын туруктуулугуна коркунуч жаратат.
Өлкөлөр ортосундагы соода согушу
9-октябрда Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги 8-ноябрдан тарта орто жана оор сейрек кездешүүчү элементтерге, литий батареяларына жана жасалма графиттен жасалган аноддук материалдарга, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү жабдууларына, чийки заттарга жана өзгөчө бекем материалдарга экспорттук көзөмөл киргизилерин билдирген.
Бул чечим Трамптын катуу нааразычылыгын жаратты. Ал 10-октябрда билдирүү жасап, 1-ноябрдан тарта же ага чейин Кытайдын келген товарларга учурдагы деңгээлден 100 пайыз жогору бажы алымын киргизерин айтып, муну Пекиндин “агрессивдүү соода позициясы” менен түшүндүрдү.
Өз кезегинде Кытайдын Транспорт министрлиги америкалык кемелер үчүн атайын порттук жыйым киргизгенин жана анын күчүнө киргенин жарыялады. Пекин мындай чараны мажбур болгон кадам катары түшүндүрдү.
Пекин менен Вашингтондун соода согушу Трамп февраль айында Кытайдан импорттолуучу бардык товарларга 10 пайыздык бажы алымын киргизгенден кийин тутанган.