Лавров БУУда АКШны Украина менен Газадагы жаңжалдын катышуучусу деп атады

АКШнын Израилге курал-жарак жеткирүүсү аларды Украинадагы кырдаалдай эле андагы жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу кылат.

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

“Вашингтон курал-жарак жана ок-дарыларды берүү менен Украинадагы кырдаалдагыдай эле жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болуп калганын баарына түшүнүктүү”, – деп баса белгиледи ал.

Министрдин айтымында, эгер Вашингтон Тель-Авивди колдоону токтотсо, Газадагы кан төгүү токтойт. Бирок, Кошмо Штаттар муну каалабайт же токтото алышпайт.

Тышкы иштер министри кошумчалагандай, Израиль менен масштабдуу жаңжалга ага коңшу өлкөлөрдү, атап айтканда, Ливанды да тартуу коркунучу турат.

Ал эки өлкөнү бөлүп турган “көк сызыктагы” чыңалуу күн сайын күчөп баратканын өзгөчө баса белгиледи.

Лавров ошондой эле Москванын Газадагы топторго таасири бар бардык тышкы оюнчулардын жолугушуусу боюнча сунушу күчүндө экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, эгерде алардын ортосунда орток пикир болсо, алар палестиналыктардын катарындагы ажырымды жоюуга жардам бере алат.

Комментарий жиберүү