Саясий шылуундар мыйзамсыз жол менен кылмыш жасап, бирок жазасыз калаарына толук ишенишет. Анткени алар абийирсиздикти – «илим» деп эсептешет. Алар мыкты өздөштүргөн бул нерсеси – адамдардын аң-сезимин каалагандай башкарууга жана татыктуу жазадан качууга мүмкүндүк берет.
Бирок, эл ичинде айтылгандай, “аркан канчалык оролбосун, баары бир акыркы учу бар”. Менмин деген кыйын саясатчылар деле акыры өздөрү чалган чалмакейине чалынып, адамдардын эле эмес, тарых сотунун алдында жооп бергенге туура келет. Чилинин диктатору Пиночет менен батыш дайындаган бир канча төбөлдөрү кабылган тагдыр – фашисттик кылмышкерлердин жазасы кызыктуу факт болуп калды.
Израилдин азыркы жетекчилиги да жазадан кутула албайт. Палестина аймактарындагы геноцид иши бир жылдан ашык убакыттан бери улантылып келатат. Башкача айтканда, каза болгон он миңдеген адамдардын (алардын көбү аялдар, балдар, карылар) убалы улана берди. Газа тилкеси урандыга айланган бул убакыт – Нетаньяху жана анын шериктери коррупциялар менен ыплас иштерин уланта берүүсүнө мүмкүндүк түзүп берди.
Дүйнөнүн башка жагын айтпаганда да Израилдин өзүндө адам өлтүрүүлөр барган сайын нааразычылыктарды жаратып жаткандыктан, сионисттик өкмөт бүтүндөй Батыш Азиянын аймагын өрт кучагына кептеди. Ливанга каршы кандуу агрессияны тутандырып, Иранга, Сирияга жана Йеменге каршы бир катар чабуулдарды жасады. Жалданма киши өлтүргүчтөр менен иш алып барган жөөт мамлекетинин жетекчилиги “Хезболла” кыймылынын лидерлерин жок кылды.
Бирок буга чейин иш жүзүндө үзгүлтүксүз иштеп келген зомбулук машинасы тайгалана баштады. Тактап айтканда, 1-октябрда башталган Ливанга кургактан жасалган чабуул ийгиликсиз аяктады. Израилдин армиясы өлкөнүн түштүгүндө орун-очок алып, бекем жайгаша алган жок. Алар ондогон аскерлеринен жана мактанган элүүдөй “Меркава” танктарынан айрылып, олуттуу жоготууларга учурашты. Муну 2006-жылы жасаган баскынчылыгынын натыйжалары менен салыштырууга болот, анткени ийгиликсиз аяктаган ошондогу аракетин Израил өзү моюнга алган болчу.
Сионисттик түзүлүшкө “Хезболла” лидерлеринин өлтүрүлүшү да, 4 миң киши каза болгон Ливандын шаарлары менен айылдарын бомбалоо да жардам бере алган жок. Ошол эле учурда Израилдин артында дээрлик бүт Батыш турганын, аны курал-жарак менен камсыз кылып, дипломатиялык иммунитет менен камсыздап жатканын унутпашыбыз керек. Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи туура белгилегендей, АКШ өкмөтү өзүнүн союздаштарынын аскердик авантюралары үчүн салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн ондогон миллиард доллар чыгарып алды.
Бирок ага карабастан, Нетаньяху өкмөтү артка чегинди. Анткени 27-ноябрда күчүнө кирген ок атышпоо келишимине дал ушундай баа берилиши керек. “Жаман оюнда жакшы жүздү сактап калууга” аракет кылган Израил жетекчилиги “Хезболла” күчтөрү жеңилип, операциянын максаттары ишке ашты деп ырастоодо. Бул одоно жана ынандыргыс калп эле.
Азыр “Хезболла” баш болгон каршылык көрсөткөн күчтөрдүн потенциалы жогору бойдон калууда. Муну 27-ноябрга чейин Израилдин согуштук объектилерине тынымсыз жасалып турган чабуулдары менен интервенттердин Ливан аймагына терең кире албаганы далилдеп турат.
Израил Ливандан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана кургактан, суудан жана абадан кол салууларын токтотууга макул болушунун себеби, “Хезболланын” жеңилүүсү эмес, сионисттик күчтөрдүн ачыкка чыккан алсыздыгы десе туура болот. Ушул эле себептен, «кең масштабдуу өч алуу кампаниясы» деп айтылган октябрь айындагы Иранга жасалган аба соккулары Ислам Республикасына олуттуу зыян келтирген жок.
Жөөт мамлекетинин жарандарынын көпчүлүгү күчтүү пропагандалык катуу кысымга кабылса да, муну абдан жакшы түшүнүшөт. Сурамжылоого катышкан 26%га жетпеген жарандар Израил Ливанда жеңишке жетти деп эсептейт. Бирок буга каршы пикирдеги адамдардын көрсөткүчү 61%ды түзгөн.
Бул сионисттик башкаруучу режимдин кулашынын башталышы гана экендигинде шек жок. Анын кылмыштарынын жүгү ушунчалык оор болгондуктан, өз жарандарын айтпаганда да, кечээки эле союздаштары Нетаньяхудан баш тартып жатышат.
Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Нетаньяху менен өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча берилген ордерлери ал жактагы кара ниеттер үчүн коркунучтуу жышаан болду. Алар согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталууда. Мындан улам көптөгөн мамлекеттер кылмышкерлерди кармоодо ЭКСга жардам көрсөтүү ниетин ачык айтышты.
Израилдин башкаруучу коалициясы ыдырап кетүү алдында турат. Жакында Нетаньяху Газа тилкесиндеги операция жана башка маселелер боюнча пикир келишпестиктерден улам Галантты кызматтан алган болчу. Ошентип, Коргоо министрлигинин мурдагы башчысы православдык еврейлерди аскердик кызматка чакырууну жактап, премьер-министр болсо Бен-Гвир жана Смотрих сыяктуу радикал өнөктөштөрдүн таасиринде калышты. Бирок акыркы убакта Нетаньяхуну көбүрөөк сындап жатышат. Маселен, алар Ливандагы тынчтык келишимине барбаш керек эле деген каршы пикирлерин айтышууда.
Бирок, бул саясатчылардын баарын “аксак өрдөктөр” десе туура болот жана алар шайлоо өтсө, баары бийликтен ажырап калышаары турган иш. Израилдин элинин үчтөн бир пайыздан азы өкмөттүн ишин колдосо, 64%ы Нетаньяхунун кабинетине ишенбей турганын айтышууда. Ошол эле учурда Ливандагы согуштук аракеттердин токтотулушун тургундардын жарымынан көбү кубаттады. Бул нерсе – элдин өлкө жетекчилигинин калпынан, кылмыштарынан тажаганын дагы бир жолу көрсөтүп турат десе болот.
Албетте, Израил өкмөтү бийлигинин кулап калуу мөөнөтүн болушунча алыстатууга аракет кылышууда. Бирок мурда иштеген механизмдер азыр алардын арсеналында жок. Анткен менен бийликтин абийири ачылган кыйроосу менен адилет жаза жакындап калды.
Автор: Сергей Кожемякин