Ливандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ливан менен Израилдин ортосунда ок атышууну токтотууга кепилдик берген өлкөлөрдү жана эл аралык тараптарды Израиль режимин Ливандын аймагынан дароо чыгып кетүүгө мажбурлоого чакырды.
Бул тууралуу Ливандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен ливандык расмий маалымат булактары кабарлашты.
Мекеме өз билдирүүсүндө, Израиль режими оккупациялап алган кыштактарга кайтып бараткан Ливандын жай тургундарына кол салышын айыптады.
“Жай тургундар келишимде көрсөтүлгөн график боюнча үйлөрүнө кайтып жатышкан. Ливан келишимди толук карманууда, бирок экинчи тарап анын жоболорун, анын ичинде Ливандын оккупацияланган аймактарынан чыгып кетүү жөнүндөгү жоболорун сактоодон баш тартууда”, – деп айтылат билдирүүдө.
Жекшембиде Ливандын түштүгүндө жүздөгөн жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтууга аракет кылышкан. Израилдик аскерлер аларга карата ок чыгарып, андан он беш киши каза болуп, 80ден ашууну жарадар болгонун өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик ок атышууну токтотууга ортомчу жана кепил болгон өлкөлөрдү жана эл аралык тараптарды Израилдин Ливандын жай тургундарына жасаган аскерий чабуулун айыптоого жана режимди өз милдеттенмелерин аткарууга ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701-резолюциясынын жоболоруна ылайык өлкөнүн куралдуу күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү коопсуздукту колго алышы үчүн Израиль бардык аскерлерин Ливандын оккупацияланган бардык аймактарынан токтоосуз жана шартысыз чыгарып кетүүсү үчүн ага кысым көрсөтүүгө чакырды.
Өткөн жылдын 27-ноябрында Израиль менен Ливандын “Хезболла” кыймылынын ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишимине ылайык, ок атышпоо түзүлгөндөн 60 күн өткөндөн кийин Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүнөн 26-январда чыгарылып бүтүшү керек болчу. Бирок израилдик аскерлер Ливандын түштүгүндөгү калктуу аймактарда дагы деле калууда. Израиль жума күнү аскерий операция улана турганын жарыялады. Муну Ливандын армиясы Ливандын түштүгүндөгү бардык аймактарда позицияларды ээлей элек деп түшүндүрдү. Ливандын армиясы буга жооп катары Израилдин аскерлери чыгып кетмейинче позицияларды ээлей албай тургандыгын билдирди.
Ал арада Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Ливан менен ок атышпоо келишимин сактоого жана Израилдин аскерлерин өлкөнүн түштүгүнөн чыгарып кетүүгө чакырды.