Сауд Арабиянын Жидда шаарында 27-мартта кечинде башталган сүйлөшүүлөрдөн кийин Ливандын коргоо министри Мишель Менасса менен Сириянын коргоо министри Мархаф Абу Касра эки өлкөнүн чек арасын тактоо келишимине кол коюшту.
Бул маалыматты INTERFAX.RU агенттиги жарыялады.
Маалыматта белгиленгендей, Сауд Аравиянын Коргоо министри ханзаада Халид бин Салман да бул маанилүү келишимге кол коюлганына кубанычта экенин жана “эки коңшу өлкөнүн коопсуздугу менен ырааттуулугуна, аймактагы коопсуздук менен тынчтыктын сакталышына салым кошкон бардык нерсени” толук колдоорун билдирди.
Ливандын жана Сириянын министрлери чек араны тактоодон тышкары коопсуздук жана аскерий маселелерди чечүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда координациялоо боюнча макулдашууга жетишкенин ырасташты.
Мындан бир жарым апта мурда Ливандын жана Сириянын коргоо министрлери ок атышууну токтотууну макулдашып, Ливандын армиясынын чалгындоо башкармалыгы менен Сириянын чалгын кызматы жалпы чек арадагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн кызматташууну макулдашкан.
Ливан менен Сириянын ортосундагы 330 чакырымдык чек ара көбүнчө адамдарды, жүктөрдү жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып өтүү үчүн колдонулган ондогон мыйзамсыз өтмөктөрдү камтыйт.
Эскерте кетсек, март айынын башында Сирия-Ливандын чек арасында сириялык аскерлер менен “Хезболланын” аскерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуулар болгон.
Сириянын жаңы бийликтеринин айтымында, буга Сирия армиясынын үч аскерин “Хезболла” тарабынан уурдалып өлтүрүлүшү себеп болгон.
Ал эми Ливандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн бир катар чек арадагы калктуу пункттары Сирия тараптын артиллериялык аткылоосуна дуушар болгондугун билдирген.