Лос-Анджелестеги баш аламандык. ТИМ кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 9-июнда АКШнын Лос-Анджелес шаарындагы кырдаалга байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.

Анда мекеме Лос-Анджелес шаарында (Калифорния штаты) уланып жаткан баш аламандыктарга байланыштуу Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырды.

Ведомство жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштады:

• баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;
• эл көп чогулган  жерлерге баруудан кармануу;
• митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар жаралса,  кыргызстандыктар төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун “ыкчам байланыш” телефондору: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.

Лос-Анжелестеги кырдаал

Бегилей кетсек, 6-июнь күнү кечинде Калифорниянын Лос-Анжелес шаарында АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) миграция кызматынын аракеттерине каршы массалык нааразылык акциялары башталган. Нааразылык акциялары иммигранттарга каршы массалык рейддерден улам келип чыккан, анын жүрүшүндө 40тан ашуун адам кармалган. 8-июндагы нааразылык акциялары учурунда демонстранттар Лос-Анжелестеги чоң трассаны жаап, унааларды өрттөшкөн, ал эми ICE инспекторлору чогулгандарды көзөмөлдөө үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим ок жана жарык-үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан.

Президент Дональд Трамп Калифорния штатынын бийликтерин “өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн” айыптап, баш аламандыктарга каршы күрөшүү үчүн Улуттук гвардиянын 2000дей аскерин жиберүүгө буйрук берди. Алар 8-июнда эртең менен шаарга келе башташкан. Азыр америкалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелесте болжол менен 300дөй аскер кызматкери бар.

Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом Ак үйдүн шаарга кошумча күч жөнөтүү чечимин “атайын жасалып жаткан чагым” деп атады.