Лос-Анжелестеги өрт 24 адамдын өмүрүн алып, 12 000ден ашуун имаратты кыйратты

Лос-Анжелестеги токой өрттөрү кеминде 24 адамдын өмүрүн алып, миңдеген адамдар жер которгон, 12 000ден ашуун имаратты талкалап, Сан-Францискодон да чоң аймакка өрт жайылды.

«Eurasia Today» агенттиги France 24 телеканалы берген маалыматка шилтеме берген билдирүүгө караганда, өткөн шейшембиде башталган өрттү Санта-Ана деп аталган катуу шамал тараткан. Бул шамал жума ортосуна чейин уланары күтүлүүдө.

Калифорниянын Өрт өчүрүү департаменти Херст, Палисадс, Итон жана Кент аймактарында чыккан өрттүн болжол менен 160 чарчы километрге жеткенин билдирди. Өрттүн себеби белгисиз бойдон калууда, бирок алдын ала эсептөөлөр боюнча,  АКШнын тарыхындагы эң көп чыгым алып келген өрт болушу мүмкүн.