МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иранга каршы резолюция кабыл алды.
Associated Press (AP) маалымдагандай, агенттикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү болгон бул МАГАТЭ органынын 19 өлкөсү резолюцияга “макул” деп добуш берсе, Россия, Кытай жана Буркина-Фасо каршы добуш берип, 11 өлкө калыс калды, эки өлкө добуш берген жок.
Резолюциянын долбоорун АКШ, Франция, Улуу Британия жана Германия сунуштаган.
Ирандын расмий жообу жана жооп чаралары
Иран резолюцияны айыптап, жооп иретинде чаралар көрүлөрүн билдирди.
ISNA агенттиги маалымдагандай, Ирандын Тышкы иштер министрлиги менен Атомдук энергия уюму биргелешкен билдирүүсүндө МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин Иранга каршы резолюциясын кабыл алуудагы АКШ менен “Европалык үчтүктүн” (Улуу Британия, Германия, Франция) аракеттерин айыпташты.
Тышкы иштер министрлиги жана Атомдук энергия уюму Иран учурда резолюциянын кабыл алынышына жооп иретинде чаралардын үстүндө иштеп жатканын билдирди.
Анан алкагында, Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами уранды байытуу боюнча жаңы борборду коопсуз жерде ишке киргизүүнү жана центрифугаларды заманбаптарга алмаштырууну буйруду.
“Атомдук энергия боюнча уюмдун жетекчиси уранды байытуу боюнча жаңы борборду коопсуз жерде ишке киргизүүнү жана Фордоудагы (өзөктүк объектте – ред.) биринчи муундагы центрифугаларды заманбап алтынчы муундагы центрифугаларга алмаштыруу боюнча керектүү буйруктарды берди”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүнүн текстинде.
Ирандын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Реза Наджафи Тегеран АКШны жана “Евроүчтүктү” (Улуу Британия, Франция жана Германия) МАГАТЭнин ишмердүүлүгүн саясатташтырып, ага каршы резолюция аркылуу уюмдун мандатын алсыратууга аракет кылып жатат деп айыптаганын билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи да өзүнчө билдирүү жасап, резолюцияны колдобогону үчүн Россияга жана башка беш өлкөгө – Беларусь, Венесуэла, Кытай, Куба жана Никарагуага ыраазычылык билдирди.
Россиянын туруктуу өкүлү МАГАТЭнин резолюциясын Иранга каршы деп атады
Россиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңеши Иранга каршы резолюцияны кабыл алганын билдирип, бирок документ “ишенимдүү колдоо” албаганын айтты.
“Иранга каршы резолюция МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши тарабынан 19 “макул” добуш менен кабыл алынды”, – деп дипломат Telegram-каналына жазган.
Россиялык дипломат мындай документтердин кабыл алынышы оң натыйжа алып келбей турганын эскерткен болчу.
Иран-АКШ кыйыр сүйлөшүүлөрү
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ядролук программасына байланыштуу тынчсыздануусун бир нече жолу билдирген. Анын айтымында, Иран ислам республикасы өзөктүк куралга жетүүгө жакын турат жана АКШ муну болтурбоого ниеттенет. Бирок Тегеран өз кезегинде өзөктүк курал жасоо боюнча эч кандай пландары жок экенин билдирип келет.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен өзөктүк келишим боюнча беш жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Акыркысы 23-майда Рим шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Оман сунуштаган механизмдер сүйлөшүүлөрдө прогресске жетүүгө тоскоол болгон маселелерди чечүүгө жардам бере аларын билдирген. Министрдин айтымында, андай прогресске дагы бир-эки раунддан кийин жетүүгө мүмкүн.
2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ал келишим Ирандын ядролук программасына чектөө коюу шарты менен санкциялардын алынуусу караган. Бирок Трамптын президенттик мөөнөтүндө, тактап айтканда 2018-жылдын май айында, АКШ келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайра жанданткан. Иран буга жооп катары келишим боюнча өзүнө алган милдеттемелерди акырындык менен аткаруудан баш тартып, анын ичинде ядролук изилдөөлөргө жана уранды байытуу деңгээлине чектөөлөрдү четке каккан.
2021-жылдан бери келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет, бирок жыйынтык алигиче чечиле элек.