Мадагаскарда «Батсирай» циклону 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды

Мадагаскарда “Батсирай” циклонунан каза болгондордун саны өсүүдө.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар Madagascar Tribune басылмасына шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматта табият кырсыгынан кеминде 101 адам каза болгону айтылууда.
Катуу шамал жана жер көчкүдөн улам үйлөр урап, көпчүлүк адамдар урандылардын астында калып, каза болушкан.

Жамгыр жана ылдамдыгы 165 км/саатка жеткен шамал менен коштолгон “Батсирай” циклонунун кесепетинен өлкөдө сел жүрүп, имараттар урап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Эң көп жабыркаган шаарлардын бири Носи Варика болду, ал жерде имараттардын дээрлик 95 пайызы кыйрап калган.

Мадагаскарда 22-январда “Ана” тропикалык циклону жүрүп, суу каптап, жер көчкүдөн жана кулаган имараттардан кеминде 55 киши каза болгон. Кырсыктын кесепеттерин жоюу менен алек болуп жаткан өлкөнү кайрадан жаратылыш кырсыгы каптады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *