Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

11-февралда Иран Ислам Ыңкылабынын жеңишинин 43 жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленди.

Жума күнү Ирандын бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Миңдеген адамдар Ирандын желегин колго алышып, өлкөнүн Ислам өкмөтүн колдой тургандыктарын жана душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүштү.

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.

Комментарий жиберүү