Мадонна Рим папасын Газага барууга чакырды

Америкалык ырчы Мадонна коомчулуктун көңүлүн Газа тилкесиндеги балдардын гуманитардык кризисине буруп, католик чиркөөсүнүн руханий лидери Рим папасы Лео XIVни аймакка барууга чакырды.
Бул тууралуу Мixnews.lv агенттиги жазды.

“Саясат кырдаалды өзгөртө албайт, өзгөрүү аң-сезим менен гана болот”, – деп жазган Мадонна өзүнүн X социалдык тармагына.

Ырчы Рим папасынын Газага баруусуна эч ким тоскоол боло албасына ишенимин билдирди.

“Эне катары алардын азап чегип жатканын көрүп чыдай албайм. Дүйнөнүн балдары баарыбызга таандык. Муну саясат өзгөртө албайт. Абийир гана өзгөртө алат. Ошондуктан мен Кудайдын алдында кайрылып жатам”,- деген ырчы.

Ал Газа тилкесинде Израилдин курчоосунда калган балдарга көңүл буруп, бейкүнөө балдарды сактап калуу үчүн гуманитардык коридорлор толугу менен ачылышы керек деп эсептей тургандыгын айткан.

“Убакыт өтүп баратат, ал жакка барам деп убада бериңиз”, – деген Мадонна.

Ошол эле учурда ал эч кимди күнөөлөбөй турганын жана “жаңжалда” эч кимдин позициясын колдобой турганын өзгөчө баса белгилеген.

Андан ары ырчы жардам берүүнү каалагандардын бардыгын кайрымдуулук кылууга чакырган.

“Баары кыйналып жатат. Менин бир гана максатым – балдар ачкадан өлүп калбасын”, – дейт ырчы.

Буга чейинки маалыматтарда айтылып келе жаткандай, акыркы айларда гуманитардык уюмдар жана эл аралык органдар Газадагы ачарчылык кырдаалынын оор чекке жеткенин, кээ бир аймактарда ачарчылык коркунучу жогору экендигин эскертип келишет.

Ватикан азырынча Мадоннанын кайрылуусу боюнча жооп бере элек.

Бирок ал буга чейин Газадагы гуманитардык апаат тууралуу айтып, Израилдин ХАМАС менен согушунан жапа чеккен балдарга тилектештигин билдирген.

“Биз Газанын жаштары менен биргебиз”, – деген Рим Папасы.