Мадуро АКШнын «Россияга жашынуу» тууралуу сунушунан кийин Путинге телефон чалды

Россиянын президенти Владимир Путин АКШ Николас Мадурону ыктыярдуу түрдө Россияга кетүүгө чакыргандан кийин кескин күчөгөн кырдаалда Венесуэла лидерин колдой турганын билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Путин бейшемби күнү өткөн телефондук сүйлөшүү учурунда «венесуэлалык эл менен тилектештик көрсөтүп, өсүп жаткан тышкы кысым шартында улуттук кызыкчылыктарды жана суверенитетти коргоого багытталган Николас Мадуро өкмөтүнүн саясатын колдоорун тастыктады».

Мадуро АКШ президенти Дональд Трамптын аракеттеринен улам татаал абалга туш болду. Трамп аны маңзат трафигин АКШга уюштуруу менен айыптап, кызматтан кетүүгө чакырууда, ошол эле учурда Вашингтон Кариб деңизинде аскердик күчтөрүн көбөйтүп жатат. Кремлдин билдирүүсүндө айтылгандай, Путин жана Мадуро октябрда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ишке ашырууга жана экономика менен энергетика тармагындагы бир катар биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга ниеттенип турганын ырасташты.

Путин менен Мадуронун сүйлөшүүсүнө бир нече саат калганда Беларусь президенти Александр Лукашенко Минскиде Венесуэланын Россиядагы элчиси Хесус Рафаэль Саласар Веласкес менен жолугушту, деп билдирет Беларусь лидеринын басма сөз кызматы. Жолугушууда  кандай  маселе талкуулангандыгы  айтылган жок.

Декабрдын башында АКШ сенатору Марквейн Маллин маалымдагандай, АКШ Мадурого өлкөнү ыктыярдуу түрдө таштап кетүүнү сунуштаган: «Биз Мадурого мүмкүнчүлүк бердик. Ага Россияга же башка каалаган өлкөгө кетсе болорун айттык». Мунун алдында Politico басылмасына булактар Мадурого АКШ бийлиги аны кызматтан кетип, Россияга, Түркияга же Кубага сүргүнгө кетишине жол берүүгө даяр экенин жашыруун түрдө билдиришкенин айтышкан. Ошол эле кезде, басылманын маалыматына караганда, Трамптын айрым кеңешчилери Мадурону камакка алып, АКШга экстрадициялоону жакташат.

АКШ менен мамиле чыңалганга чейин Каракас менен Москва стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюшкан. Документте глобалдык жана регионалдык коопсуздук маселелери да камтылган.