Мексиканын президенти АКШдагы мигранттарга каршы рейддерди айыптады

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум АКШдагы мигранттарга каршы масштабдуу рейддерди айыптады.

Ал бул рейддерде кеминде 25 мексикалык жаран кармалганын, ал адилетсиз жана АКШнын өзүнүн экономикасына зыянын тийгизиши мүмкүн экен айтты.

“Бул рейддер адилетсиз. Алар АКШ экономикасына чоң зыян алып келет — мексикалыктар жана башка латын америкалыктар — АКШ экономикасын көтөрүп жаткан эмгек күчү. Эгерде Калифорниядагы фермаларда ошол адамдар болбосо, түшүм жыйналбай калат”, — деди Шейнбаум маалымат жыйынында.

Буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук министрлиги билдиргендей, 10-июнда Иммиграция жана бажы көзөмөлүнүн (ICE) жана Бажы-чек ара кызматынын кызматкерлери Калифорниядагы Карпинтерия жана Камарильо шаарларындагы эки плантацияда рейд өткөрүшкөн. Натыйжада 200 чамалуу мыйзамсыз мигрант кармалган.

Рейд учурунда мыйзамсыз мигранттардын кеминде он бала аныкталган. Укук коргоочулардын айтымында, бул балдар эксплуатация, мажбурлап иштетүү жана адам сатуу сыяктуу коркунучтардан “куткарылган”.

Операция маалында 500дөй киши каршылык көрсөтүп, бир адам тартип сакчыларына ок чыгарган деп маалымдалууда.

Шейнбаум кошумчалагандай, ошол күнү Калифорниядан камакка алынган мексикалыктар боюнча 25 чалуу түшкөн. Учурда Мексика бийлиги кармалгандардын так санын тактап жатат. Анын маалыматына ылайык, мигранттарга каршы кампания башталгандан бери жалпы 355 мексикалык жаран кармалган.

Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү башталган 20-январдан бери АКШ 67 миңден ашуун адамды Мекcикага кайтарган, жалпы депортацияланган адамдардын саны 73 миңден ашканын Шейнбаум белгиледи. Ал ошондой эле чет өлкөдө жүргөн мексикалык жарандарга укуктук жардамдарды кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынганын айтты.