Мирзиёев Ирандын жаңы президенти Пезешкиан менен сүйлөштү — эмне талкууланды?

Эки өлкөнүн лидерлери көп тармактуу кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Иран Ислам Республикасынын жакында шайланган президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди Өзбекстандын лидеринин басма сөз кызматы.

Өзбек лидери ирандык кесиптешин акыркы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, мындай жооптуу мамлекеттик кызматта чоң ийгиликтерди каалады.

Тараптар өзбек-иран мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, соода, инвестиция жана транспорт тармагында практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Алар акыркы жылдарда соода жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын көлөмүнүн, биргелешкен долбоорлордун жана ишканалардын санынын, каттамдардын жыштыгынын өсүшүн канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн лидерлери мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Пезешкиан өз кезегинде, маркум президент Ибрахим Раисинин тушунда Иран менен Өзбекстандын ортосунда көптөгөн келишимдерге кол коюлганын жана жаңы өкмөт бул келишимдерди толук ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө кызматташарын белгиледи.

«Энергетика, химия өнөр жайы, айыл чарба, тамак-аш жана башка тармактарда кызматташуу долбоорлорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Мирзиёев менен Пезешкиан аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди да талкуулашты.

Эске салсак, 5-июлда Ислам республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өткөн.

Анда реформачылар канатынын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ы менен жеңишке жеткен. Анын атандашы консерватор Саид Жалили добуштардын 44,3%ын алган.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү