Миңдеген ирандыктар өлкөсүн колдоп жүрүшкө чыгышты

Израиль Иранды жаңы чабуулдар менен коркутуп жаткан учурларда, Тегеранда жана башка көптөгөн иран шаарларында миңдеген үй-бүлөлөр көчөгө чыгып, өз мекенине колдоолорун көрсөтүштү. Жүрүштөр Мешхед, Исфахан жана Кум сыяктуу башка ири шаарларда да өтүп жатат.

Жума намазынан кийин жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар израилдик режим агрессия жасап жаткан учурда мекенин жалгыз калтырбай турганын ачык билдиришти. Алардын акциясы – элдин биримдигин, улуттук духту жана коргонуу чечкиндүүлүгүн көрсөттү.

Тегеран жана Решт шаарындагы жүрүштөр

Видеоплеер

00:00

00:27

Ирандыктар өлкөнүн тууларын, израилдик кол салуусунда шейит кеткен аскер адамдарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгып, Израиль менен Американы айыптаган ураандарды чакырышууда. Алар мекенин коргоо керектигин, сырттан келген коркунучтарга каршы бир муштум болуу маанилүү экенин белгилешти.

Мешхед

Видеоплеер

00:00

00:13

Бул окуя сырткы коркунуч пайда болгондо элдин кандайча биримдикте боло аларын көрсөттү.

Керман

Видеоплеер

00:00

00:35

Элдин мекенин колдоп көчөгө чыгуусу бул алардын өлкөсүнө болгон сүйүүсүн жана колдоосун ачык билдирүүсү болуп саналат.

Кереж шаары

Видеоплеер

00:00

00:15

Жалпысынан айтканда, Израилдин чабуулдары Иран элин коркутуп, бөлүп-жара алган жок, тескерисинче, аларды бир муштум кылып бириктирди.