Монголия Путинди өлкөгө жасаган сапары учурунда камакка алуудан баш тартты

Монголия Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу боюнча Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) буйругун аткарбай тургандыгына ишендирди. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянуу менен билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ошондой эле Россия президентинин алдыдагы сапарына байланыштуу Монголиянын Эл аралык соттун Рим статутуна катышуусуна Россия эч кандай кооптонуусу жок экенин билдирди.

“Кабатыр болбойбуз. Монголиядан келген досторубуз менен эң сонун диалогубуз бар”,- деди Песков.

Ал визиттин бардык аспектилери кылдаттык менен даярдалганын белгиледи.

3-сентябрда Путин Украинадагы кырдаалга байланыштуу өткөн жылдын март айында ордер берилгенден бери биринчи жолу Эл аралык соттун мүчөсү болгон мамлекетке барат. Сотту жөнгө салуучу Рим статутуна кол койгон Монголия, эгер Путин өз аймагына келсе, ордерди аткарууга жана камакка алууга милдеттүү.

Путин Монголияга өлкө президенти Ухнагийн Хурелсухтун чакыруусу менен Халхин-Гол дарыясында советтик жана монгол куралдуу күчтөрүнүн жапон милитаристтерин биргелешип жеңгендигинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барат. Путин Монголиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Комментарий жиберүү