Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага
29 өлкө башчысы катышарын, алардын ичинен
Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Лаостун президенти Тхонглун Сисулит келе албай тургандыгын билдирди.
Бул маалыматты ТАСС агенттиги жазды.
Жеңиш күнүнө арналган 9-май майрамына карата Москвага Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва, Сербиянын президенти Александр Вучич, ошондой эле Словакиянын президенти Робертс Репко катышат.
Алардан тышкары, Кызыл аянттагы Жеңиш парадына КМШ өлкөрүнүн президенттеринин ичинен Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмондун катышуусу күтүлүүдө.
Маалыматта белгиленгендей, парадка Армения, Палестина, Евробиримдиктин премьер-министри жана Израилдин өкүлдөрү да чогулат.
Ал эми чакырылган өлкө башчыларынын ичинен Азербайжандын президенти менен Лаостун президентинин парадка катышпай турганы белгилүү болду.
“Тилекке каршы Алиевдин келбей турганы тууралуу кабар алдык. Алар аны Гейдар Алиевге арналган ички иш-чараларга катышуусу керек деп түшүндүрүштү”, – деди Ушаков.
Дипломат кошумчалагандай, президент Сисулит коронавирус менен ооруп калган.
Ошондой эле акыркы алынган маалыматтарга караганда, Кремль 9-майга башка өлкөлөрдүн мурдагы лидерлерин чакырууну пландаган эмес. Муну Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, Кремль Жеңиш парадына Орусияда жашаган мурдагы чет элдик лидерлер Башар Асад менен Виктор Януковичти чакырууну пландаган эмес.
“Кремль Жеңиш күнүнө арналган мааракелик иш-чараларга Орусияда жашаган мурдагы чет элдик лидерлерди чакырууну пландаган эмес”,- деди ал.