Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Москвадагы мончо комплексинде кармалган кыргызстандыктар боюнча Кыргызстан Россияга дооматтарды коерун билдирди.
Министр эмне үчүн ТИМ кечээ гана Россиянын элчисине нота бергенин түшүндүрүп берди.
“Мен нотаны дароо бере алган жокмун, анткени ал өзгөчө абалдарда берилет. Кырдаалды жөнгө салуу жана окуянын бардык жагдайын билип алуу үчүн убакыт керек болду. Биз мончодо кармалган бардык жарандарды элчиликке чакырганбыз, бирок өкүл катары бир эле бала келди. Россияга доомат коюу үчүн алардын арыз жазып берүүсүн өтүндүк, бирок алар баш тартышты.
Маалым болгондой, ал мончо Россиянын жараны болгон кыргызстандыкка таандык. Ошондуктан мончого азиаттар гана барып, унаасын туура эмес токтотуп коюшат. Ошол күнү аталган комплекстин аймагында жашагандар ызы-чууга жана элдин көптүгүнө даттанышкан, сыягы комплекстин администрациясы жергиликтүү тургундар менен эч кандай байланышы жок окшойт. Албетте, Россия адам укуктарын сыйлаган жана коргогон өлкө болгондуктан, адамдарга мындай мамиле кылуу туура эмес. Барын изилдеп чыгып, Россиянын Кыргызстандагы элчилигине нота тапшырдык. Элчи Вакунов коомчулуктун маанайына терс таасирин тийгизе турган жагымсыз жагдай болгонун моюнга алды.
Биз элчиге жарандарыбызга ушундай мамиле жасалса, элибиз көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү, стратегиялык өнөктөш болгонубузга карабастан, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукка терс пикир айта баштаарын айттык”, – деди министр.
Ошондой эле Кулубаев нота – бул сүйлөшүүлөргө карай биринчи кадам экенин белгиледи.
Булак: Кабар