АКШ өзүнүн гегемониясын сактап калуу үчүн каалаган кылмыштарга жана эл аралык укуктарды бузууга даяр экенин көрсөттү. Алар Иранга каршы жасаган соккулары менен «Пандора кутусун ачты», — деди БУУдагы Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя.
АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерине жасаган соккуларына байланыштуу чогулган БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында Небензя бул чабуулдарды «чагымсыз» деп атап, алар Израилдин аскердик аба күчтөрү менен «толук координацияда» жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Израил бир нече аптадан бери Ирандагы жарандык объекттерге жана инфратүзүмдөргө массалык соккуларды берип, эл аралык укукту одоно бузууда.
Небензя Вашингтондун «Израилдеги союздашына» болгон кызыкчылыктар үчүн АКШ «он миңдеген палестин аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды өлтүрүүгө көз жумуп гана койбостон, бүтүндөй адамзаттын коопсуздугуна жана бейпилдигине коркунуч туудуруп жатканын» айтты. Ошондой эле, АКШ радиациялык кесепеттерди жана аймактагы тынч жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаратаарын толугу менен эске албай жатканына токтолду.
Россиялык дипломат АКШ бул аракеттерди эч кандай эл аралык мандатсыз жасаганын, ал эми Россиянын ортомчулук сунуштарын этибарга албай койгонун белгиледи. «Мындай аракеттерге АКШга эч ким ыйгарым укук берген эмес», – деди Небензя. Ал АКШнын өзүн «каалагандай сот жүргүзө алган жогорку калыс» катары көрсөткөн аракеттерин сындады.
Ошондой эле Небензя мындай кадамдар менен АКШ «Пандора кутусун ачканын» белгилеп, анын кесепеттери азыр болжолдонгус экенин кошумчалады. «АКШ дүйнөлүк гегемониясын сактап калуу үчүн каалаган кылмыштарга жана эл аралык укуктарды бузууга даяр экенин дагы бир жолу көрсөттү», – деди ал.
Небензя Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн АКШнын аракеттерин айыптабаганын өкүнүү менен белгиледи. Ал АКШнын соккулары Жакынкы Чыгыштагы буга чейин эле кооптуу кырдаалды андан ары курчутканын жана Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк программасын өнүктүрүүгө укуктуу экенин эске салды.