Небензя Газадагы абалды Ленинград блокадасы менен салыштырды

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Газа тилкесиндеги кырдаалды Ленинград блокадасы менен салыштырды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын чукул атайын сессиясынын жыйынында Небензя Бириккен Араб Эмираттары жана Египет тарабынан уюштурулган “Рафах” өткөрмө пунктуна болгон сапары тууралуу айтып берди.

“Мен Коопсуздук кеңешинин бир катар мүчөлөрү менен “Рафах” көзөмөл-өткөрүү пунктуна болгон сапардан жаңы эле кайтып келдим. Бул сапар бизге анклавда эмне болуп жатканын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди”, – деди ал.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү ооруканадагы майып балдарды, буту-колу кесилген адамдарды, Газа тилкесинин тургундарына али жете элек гуманитардык жардам жүктөгөн жүздөгөн жүк ташуучу унааларды көрүп келишти.

РФ туруктуу өкүлү Газа тилкесиндеги үрөй учурган гуманитардык катастрофа курчоодо калган Ленинград трагедиясын эске салганын айтты. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү “Рафахтан” бир гана бул бул кыргынды токтотуу зарыл деген нерсени угуп кайтышты.

“Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттер Ленинградды блокадага алганы эсиме түштү. Анда 900 күндүк камалоо учурунда ачкачылыктан жана бомбалоодон миллиондон ашык ленинграддыктардын өмүрүн кыйылган. Газага да ушундай тагдыр жазылганбы? Бул биздин убакта болуп жатканын элестетүү мүмкүн эмес”, – деп баса белгиледи Небензя.

Палестина-Израиль жаңжалы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 18 миңден ашты, 49 миңден ашуун адам жараат алды.

Израиль менен ХАМАС 22-ноябрда Катардын ортомчулугу менен биринчи масштабдуу келишимге жетишкен: тараптар согуштук аракеттерди төрт күнгө токтотууну жана бири-биринде кармалып турган ондогон барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну макулдашкан.

Төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Москва убактысы боюнча 08.00) башталып, андан кийин эки жолу – адегенде эки күнгө, анан дагы бир күнгө узартылган.

Тараптардын гуманитардык элдешүүсү 1-декабрь күнү эртең менен аяктаган жана анын узартылышы расмий түрдө жарыялана элек. Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) ХАМАС кыймылы согуштук тыныгууларды бузууга айыптап, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин кайра баштаганын билдирген.

Гуманитардык тыныгуу учурунда ХАМАС 78 израилдик аялдар менен балдарды, ошондой эле башка өлкөлөрдөн барымтадагы 30 адамды бошотту. Өз кезегинде Израиль абактарынан 240 палестиналыкты бошотту, алардын көбү аялдар жана балдар. Алгач барымтадагы 50 израилдикти 150 палестиналык туткунга алмаштыруу пландалган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *